Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун тургандары аймактагы Акбалтыркан кенин сатууга каршы акцияга чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү тургун Эрнис Маматов билдирди.
- Кен казыла турган жерден чыккан суу ондон ашуун айылды аралап өтөт, демек ошончо айыл суу ичет. Ошондуктан жергиликтүү эл бүгүнкү аукцион болбосун деген талап менен чыгышкан.
Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин маалымат кызматы Акбалтыркан кенин сатуу боюнча бүгүнкүгө белгиленген аукцион белгисиз мөөнөткө жылдырылганын "Азаттыкка" ырастады. Анын баштапкы баасы 15 миң 480 доллар деп бааланган. Анда алтын, күмүш, сымап, жездин запасы бар. (КЕ)