Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Премьер-министр Оштогу күнөсканаларды кыдырууда


Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн Ош облусуна жасаган иш сапарында Кара-Суу жана Араван районундагы күнөсканаларды кыдырууда. Ал дыйкандар менен жолугушкан учурда ишкерликтин бул түрү Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки негизги пайда алып келчү иштердин бирине айланарын белгиледи.

Учурда Ош облусу боюнча 260тай күнөскана бар. Аларда негизинен помидор, бадыраң өстүрүлөт. Эми дыйкандар болгар калемпири, лимон өстүрүүнү да пландоодо.

Кыргыз өкмөтү быйыл Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күнөсканалардын санын көбөйтүүнү пландаган. Бул үчүн өкмөт 15 миллиард сом бөлүүгө даяр экенин айткан. Каражат ишкер, дыйкандарга 5 жылга 1 жылдан кийин төлөй баштоо укугу менен берилет.

Түштөн кийин Темир Сариев жазгы-талаа иштерине даярдык көрүүгө арналган республикалык көчмө жыйынга катышат.(КЕ/ErN)

XS
SM
MD
LG