Зика вирусуна байланыштуу Бишкек жана Ош аба майданына атайын жабдуулар коюлду. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бюонча мамлекеттик департаменттен кабарлады.
Маалыматка караганда, санитардык-көзөмөл пункттарынын кызматкерлери тепловизор аркылуу адамдын температурасын алыстан аныктай алат. Эгер кайсы бир жүргүнчүнүн температурасы 37 градустан ашса ал дароо мониторго чыгып калат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Зика деп аталган вирусту Латын Америка өлкөлөрү үчүн эле эмес, дүйнө үчүн жалпы глобалдык коркунуч катары тааныган. Зика вирусуна каршы дары же эмдөө жүргүзө турган вакцина азырынча табыла элек. (КЕ)