Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Украин премьери өкмөт толугу менен кызматтан чегинерин эскертүүдө


Арсений Яценюк парламентте. 5-февраль, 2016-жыл.
Арсений Яценюк парламентте. 5-февраль, 2016-жыл.

Арсений Яценюк мындай билдирүүнү бүгүн парламент жыйынында жасады.

“Биз бир команда катары келгенбиз, келечекте да бир команда катары иштөөнү улантабыз. Эгер бул команда алмаштырылуусу керек деген чечим болсо, биз чогуу кетебиз”, - деди Яценюк парламенттин теледен көргөзүлгөн сессиясында сүйлөп жатып.

Премьердин бул сөздөрү өлкөдө саясий кризис күчөгөнүнүн соңку ишарасы катары каралууда.

Эки күн мурда Украинанын теги боюнча литвалык экономика министри Айварас Абромавичус өкмөттүн “системалык жана маанилүү” реформаларынын баарына бут тосулганын айтып, кызматтан кетүүгө арыз жазган эле.

Реформачыл министрдин кызматтан чегинүүсү парламенттин өкмөткө нааразылыгы күчөп, ири бизнес магнаттардын саясий кызыкчылыктары кагылышып жаткан учурга туш келди.

40 жаштагы Абромавичус президент Порошенко реформаларды алга жылдырып, экономиканы көтөрүү аракетинде өкмөткө алып келген чет элдиктердин бири болчу.

Реформачыл министрдин кызматтан чегинүүсү Украинанын батыштык өнөктөштөрү арасында тынчсыздануу жаратып, президент Порошенко мындан улам Чоң жети тобундагы өлкөлөрдүн элчилери менен атайын жолугушуу да өткөрдү. (UE)

XS
SM
MD
LG