Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Тажикстан "Россия Сегодня" агенттигине аккредитация берүүдөн баш тартууда


"Россия Сегодня" маалымат агенттигин Кремлдин пропагандисти атыккан Дмитрий Киселев жетектейт
"Россия Сегодня" маалымат агенттигин Кремлдин пропагандисти атыккан Дмитрий Киселев жетектейт

Өлкөнүн тышкы иштер министри Сирожидин Аслов Орусиянын «Россия сегодня - Раша Тудэй (RT)” маалымат агенттигине Тажикстанда иштөөгө али аккредитация берилбей жатышынын себебин тажик тарап өз суроолоруна али жооп ала электиги менен түшүндүрдү.

«Жараян уланууда, чечим балким жакынкы күндөрдө же айларда кабыл алынат», - деген министр, Орусия тарапка кандай суроолор жөнөтүлгөнүн тактаган жок.

Орусиянын маалымат таратуучу жана мамлекеттик саясатты чагылдыруучу расмий медиа мекемеси саналган «Россия сегодня - Раша Тудэй (RT)”агенттиги Тажикстанда өз өкүлчүлүгүн ачуу ниетин мындан бир жыл мурда эле билдирген.

Орусиянын чет өлкөлөрдөгү эң ири аскерий базасы жайгашкан Тажикстанда азыр орусиялык маалымат каражаттардын он чакты өкүлү иштейт. (UE)

XS
SM
MD
LG