Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Бишкекте Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат


Эл акыны менен коштошуу зыйнаты. 6-февраль, 2016-жыл
Эл акыны менен коштошуу зыйнаты. 6-февраль, 2016-жыл

Кыргыз Эл акыны, Токтогул сыйлыгынын ээси, белгилүү акын Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу тажыясы бүгүн Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында өтүп жатат. Акын менен коштошууга мамлекеттик жетекчилер, депутаттар, акын-жазуучулар жана башка коомчулук өкүлдөрү катышууда. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Эл акыны Сооронбай Жусуев 4-февраль күнү, 91 жаш курагында дүйнө салган.

Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекет башчынын фондунан Сооронбай Жусуевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам катары 100 миң сом бөлүнгөн.

Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар кыштагында төрөлгөн. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга кетип, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда кызмат өтөгөн. Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн.(ZA/ZKo)

XS
SM
MD
LG