Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

Пентагон Ирак жана Ооганстандагы түрмөлөрдө тартылган 198 сүрөттү жарыялады


Сүрөттөр Ирак жана Ооганстандагы америкалык түрмөлөрдө кармалып тургандарга зомбулук жасалганын күбөлөндүрөт.

2004-жылы укук коргоочулар түрмөлөрдөгү кыйноолордун иликтенишин ачыкка чыгарууну талап кылышканы белгилүү. Өткөн жылы март айында сот АКШдагы Жарандык эркиндикти коргоо биримдигинин өтүнүчүн канааттандырып, Америка бийлиги сүрөттөрдү ачык жарыяласын деген чечим кылган.

Пентагондун маалыматы боюнча сүрөттөрдөгү ар бир учур боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүп, соттук териштирүүлөр болгон. Натыйжада бардык күнөөлүүлөр жазаланган, арасында өмүр бою эркинен ажыратылгандар бар.

Ал эми АКШдагы Жарандык эркиндикти коргоо биримдиги өкмөт дагы эки миңден кем эмес сүрөттү ачыкка чыгарууга тийиштигин бекемдөөдө.

XS
SM
MD
LG