Узакка созулган жылуу аба ырайынан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө.
9-11-февралда мезгил-мезгили менен кар жаайт. 9-10-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күртүсү топтолуп жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Эртең 7-февралда өлкө боюнча жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы
Чүйдө түнкүсүн -2…+3 күндүз 12…17
Таласта түнкүсүн -1…-6 күндүз 11…16
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3 күндүз 10…15
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн-2…+3 күндүз 11…16
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7 күндүз 3…8
Нарында түнкүсүн -19…-24 күндүз -2…-7
7-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 13…15 градус жылуу болушу күтүлөт. (BCh)