Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:09

Керри Орусияны тынч тургундардын өлүмү үчүн айыптады


Алеппо бомбадан кийин
Алеппо бомбадан кийин

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын Сириядагы аба чабуулдары карапайым элдин өлүмүн көбөйттү деп билдирди. Анын айтуусунда, орус аскерлери абадан таштап жаткан бомба даректүү бир чекитти көздөбөй, туш келди түшүүдө. Натыйжада андан жай тургундар, тагыраагы аялдар менен балдар жабыркап жатышат деди Керри 5-февралда Вашингтондо журналисттерге.

Анын айтуусунда, Орусия Сириядагы жаңжалды токтотууга конструктивдүү сунуштарды бере баштады, “бирок бул сунуштар бомбалоону уланта берүүнү жымсалдоо үчүн гана айтылган болсо, мааниси жок", - деди Керри.

Айрым аскер адистеринин маалыматы боюнча, Москва Сириядагы исламчыл террорчуларга каршы туш келди түшүүчү бомбаларды колдонууда. Маалыматтарга ылайык, мындай бомбалар Советтер союзунун тушунда көп жасалган жана алигиче запасы көп.

Улуттар уюмунун демилгеси менен Женевада жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөр 3-февралда “убактылуу токтоду” деп жарыяланган.

Ал эми Сириянын абадан Орусия колдогон өкмөттүк күчтөрү Алеппо шаарындагы козголоңчуларга каршы жасаган чабуулунан 150 жай тургун набыт болгону, он миңдеген адамдар Түркия чек арасына көздөй качканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG