Германиянын исламга каршы ПЕГИДА кыймылынын жүрүштөрү 6-февраль күнү Европанын бир катар өлкөлөрүндө болду. Reuters агенттигинин маалымдоосу боюнча, Дрезден шаарында 8 миңге чукул киши көчөгө чыкса, Амстердам, Прагада да жүздөгөн кишилер жүрүшкө чыгышты. Британиянын мусулмандар эң көп жашаган Бирмингем шаарында исламга каршы демонстрацияга баргандардын саны 300гө чукул болду.
Батышты исламдаштырууга каршы патриоттук уюм - ПЕГИДА кыймылы 2014-жылы Германиянын Дрезден шаарында түзүлгөн. (BCh)