Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Ооганстан: Гилменд талиптердин курчоосунда калуу коркунучу бар


Ооган аскер командири Гилменд провинциясынын Сангин району талип согушчандарынын колунда калганын маалымдады. Анын айтуусунда, өкмөттүк аскерлер аймактагы айрым жерлерди көзөмөлдөп турганы менен, ал жерлердин коопсуздугу да коркунучтуу абалда.

Аскер командири өкмөттүк аскерлерге талип согушчандары тараптан тынбай кол салуулар болуп жатканын белгилеп, акыркы күндөрү бир нече аскер курман болгонун билдирди. Ал ошондой эле өкмөттөн кошумча аскер күчтөрү да келбей жатканын да кошумчалады.

Бул аралыкта Ооганстандагы согушту токтотуу үчүн талиптер менен тынчтык сүйлөшүүсү мындан ары да уланары белгилүү болду. Ооганстан, Пакистан, АКШ жана Кытайдын расмий өкүлдөрү 6-февраль күнү Исламабаддагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын жарыялады. Билдирүүдө “тараптар ооган өкмөтү менен талиптердин сүйлөшүүсүн февраль айынын аягына чейин өткөрүүгө макулдашканы” айтылат. Ал эми сүйлөшүү тобу өзү жыйынга 23-февралда Кабулда чогулмакчы.

XS
SM
MD
LG