Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:31

Сирия менен Түркиянын чек арасына 35 миң качкын чогулду


Качкындар
Качкындар

Сириянын Алеппо шаарындагы кандуу согуштан улам Түркиянын чек арасына чогулган качкындардын саны эки суткада 35 миңден ашты. Түркиянын Килиш провинциясынын губернатору Сулейман Тарсыз 5-февралда эле чек арадагы качкындар 20 миңдин айланасында болгонун айтып, эгер Орусия Сирияда абадан бомбалоосун улантса, качкындар дагы эки эсе көбөйөрүн кошумчалаган.

Губернатордун айтуусунда, сириялык качкындарга чек арадан өткөрбөй туруп деле тамак-аш жана керектүү каражаттар берилип жатат. Ал чек ара “чукул кырдаал болуп кетсе гана” ачыларын билдирди.

Евробиримдик болсо Түркияны качкындарды чек арадан өз аймагына киргизүүгө чакырууда. Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини бул Анкаранын юридикалык эмес, моралдык жоопкерчилиги экенин эскертти.

Евробиримдик өткөн жылы ноябрда Түркияга сириялык качкындарга жардам көрсөтүү үчүн 3 млрд. евро бөлгөн.

Бүгүнкү күнгө чейин Түркия 2,5 млн. сириялык качкынды кабыл алган.

2011-жылы башталган согуштан бери Сириядан 4,5 миллиондон ашуун киши чет мамлекеттерге баш калкалап кетүүгө аргасыз болгон. Дагы 13,5 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж.

XS
SM
MD
LG