Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:48

Ооганстанда эмдөө ишине катышкан үч кишини өлтүрүп кетишти


Ооганстан
Ооганстан

Ооганстандын Кунар чөлкөмүндө балдарды шал оорусуна каршы эмдеп жүргөн үч медициналык кызматкерди өлтүрүп кетишти. Жергиликтүү бийликтин өкүлү Абдул Гани Мусамин үч кишинин сөөгү 6-февралда кечинде Газиабад шаарында табылганын билдирди. Алар дээрлик эки жумадан бери дайынсыз болчу. Эмдөө кампаниясына тартылган кызматкерлерге Ооганстанда жана кошуна Пакистанда, өзгөчө өкмөттүн көзөмөлүнөн чыккан аймактарда, кол салуулар көп болот. Бул өз кезегинде коркунучтуу ооруну жоюуга чоң кедергесин тийгизүүдө.

Лугар чөлкөмүндө болсо 7-февралда жолго коюлган бомба жарылганда бир полициячы набыт кетти. Жардыруудан сегиз киши, арасында бир нече судьялар жарадар болду.

XS
SM
MD
LG