Жекшемби күнү Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында бир доллардын сатуудагы баасы 72 сомго чейин түшүп, эки сомго арзандады. Ал эми Улуттук банк 6-февралга белгилеген курс боюнча 1 доллардын баасы 74 сом 78 тыйын.
Жергиликтүү экономисттер доллардын курсунун өйдө-ылдый болушунун сыры Улуттук банктын январь айындагы тынымсыз интервенциясы же чайкоочулук себеп болуш мүмкүн деп божомолдоп жатышат. (AiT)