Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Баласагындын 1000 жылдык мааракеси Түркияда башталат


Жусуп Баласагындын Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин алдындагы айкели.
Жусуп Баласагындын Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин алдындагы айкели.

Түрк дүйнөсүнүн ойчулу Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын расмий ачылышы Стамбул шаарында быйыл 19–февралда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. Салтанаттуу иш чарага министр Алтынбек Максүтов жана кыргыз маданият тармагынын өкүлдөрү катышат.

Өкмөт жыл башында 2016-жылы өткөрүлө турган жалпы улуттук деңгээлдеги мааракелердин тизмесин бекиткен. Ага ылайык, быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, кеменгер ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы эл аралык маанидеги иш-чаралардын катарына кирген. (ZA)

XS
SM
MD
LG