Майлуу-Суу шаарынын түндүк тарабын аралай өткөн Майлуу-Суу сайынын боюндагы жер алдынан өз алдынча чыгып жаткан кара май сууга кошулууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын аймактык башкармалыгынын орун басары Кылычбек Жолдошов билдирди.
Бул боюнча аймактык экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясы шаардык мэрияга, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдиришкен. Андан сырткары "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна эскертүү беришкен. "Кыргызнефтегаз" "биздин лицензиялык аймагыбызга кирбегендиктен эч нерсе жасай албайбыз" деген жообун айтса, башка мекемелер эч кандай аракет көргөн эмес.
Жер алдынан атылып чыгып жаткан кара май сайдагы сууга кошулуп сугат аянттарын каптап жатканына үч ай болгон. (IIK)