Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Cохтон Орусияга баргандар террорчу деп шектелүүдө


Өзбекстандын Кыргызстан ичиндеги анклавы Сох аймагында жашаган ондон ашуун адам террорчу деп шектелүүдө.“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, алар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна мүчө деген күмөн менен Орусияда колго түшкөн. Кармалгандардын көбү Казан шаарында бир жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жүрүшкөнү аныкталды.

Маалыматтарга караганда, соңку күндөрү Өзбекстандан Орусияга иштегени барган жарандардын кыйласы кармалып, алардын диний ишенимин иликтөөгө алуу күчөдү. Расмий бышыктала элек билдирүүлөргө караганда, бул Ташкендин атайын көрсөтмөсү менен жасалууда. (SE)

XS
SM
MD
LG