9-февралда күн сууп, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардагы жолдор тоңголок, тайгак болот, айрым жерлерге кар күрткүсү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20, Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет. Мындай аба ырайы 11-февралга чейин уланат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 0...+5,
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...+5,
Баткен облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 1...6,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүз +1...+6,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз +2...+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -3...-8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -3...-8 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаап, карга айланат. Түнкүсүн -1..+1, күндүз +1...+3 градус жылуу болот.