Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Бишкекте академик Илгиз Айтматовдун 85 жылдыгы белгиленүүдө


Бүгүн Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунда академик Илгиз Айтматовдун 85 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Аталган мекемеден “Азаттыкка” кабарлашкандай, илимий жыйын окумуштуунун кесиптештери жана жакындарынын катышуусунда өтүп жатат.

Техника илимдеринин доктору, академик Илгиз Айтматов - тоо кен геомеханикасы боюнча адис. 1990-93-жылдары Улуттук илимдер академиясына президент болгон.

Анын илимий эмгектери негизинен кендерди коопсуз жана натыйжалуу иштетүү, чоң гидротехникалык курулуштарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы табигый жана техногендик кыйроолорго арналган.

260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган.

2003-жылы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Илгиз Айтматов белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууганы. (SE)

XS
SM
MD
LG