Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

Талибдер ооган аялын "ала жипти аттаганы" үчүн жазалады


Ооган бийлигинин өкүлдөрү өлкө батышындагы Гор провинциясында талибдер Захра аттуу аялды "зына кылды" (никесиз катнаш) деп өз алдынча соттоп, жазага тартканын билдирди. Провинция бийлигинин өкүлү Абдул Хай Хатиби аны жазалоо талибдер көзөмөлдөгөн түпкүрдөгү Зану деген айылда 5-февралда ишке ашканын бүгүн кабарлады. Талибдер мындай айып тагылган аялдарды таш бараңга алып келгени белгилүү.

Жазага кабылган аялдын жашы жана үй-бүлөлүк абалы боюнча маалымат жок. Хатибинин айтымында, Захра талибдерге Аюб аттуу киши менен чогуу кармалган. Качып кетмекчи болгон Аюбду талибдер кармап, азыр ал туткунда.

Аталган аймак бир жылдан ашуун убактан бери талибдердин көзөмөлүндө. Бул окуя боюнча талибдер өздөрү азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Ооганстандагы адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссия Гор талибдер өз алдынча сот жүргүзгөн аймактардын бири экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG