Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:09

Канада ИМге каршы аба соккуларын токтотот


Жастин Трюдо, Канада премьер-министри.
Жастин Трюдо, Канада премьер-министри.

Канада Ирак менен Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлерине каршы аба соккуларын уруп жаткан алты аскер учагын эки жуманын ичинде чыгарып кетет. Бул тууралуу бүгүн Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо журналисттерге билдирди. Бирок ал аталган аймактардагы аскерлеринин санын азыркы 650дөн 830га чейин көбөйтөрүн жана байкоо салуу менен учактарга күйүүчү май ташыганга эки учагын калтырарын кошумчалады.

"Кандай гана миссия болбосун тандоо жасоого туура келет. Биз баарын жасай албайбыз", - деди Трюдо бүгүн Оттавада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Ал ошондой эле өз өкмөтү Жакынкы Чыгыштагы бул аймакка гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн соңку үч жылга 718 миллион доллар бөлөрүн да убада кылды.

XS
SM
MD
LG