Бириккен Улуттар Уюмунун тергөөчүлөрү Сирия абактарында кармалган миңдеген адамдар мамлекеттик атайын саясаттын негизинде өлтүрүлгөнүн, ал адамзатына каршы кылмышка тете экенин билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун 8-февралда жарыяланган баяндамасында абактардагы өлтүрүү, кыйноо, жок болуп кетүү фактылары боюнча Гаагадагы эл аралык кылмыш сотунда тергөөнү баштоону, аларга тиешеси бар Сирия бийлигинин өкүлдөрүнө санкция киргизүүнү сунуштады.
Бирок азыркы кезге карай бир дагы ысым аталган эмес. БУУнун баяндамасында Аль-Нусра жана Даиш топтору тарабынан жасалган массалык өлтүрүүлөр жана кыйноолор, согуштук кылмыштар документтештерилгени айтылган. (AiT)