Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Мандатынан ажыратылган Урмат Ишенбеков Жогорку Сотко кайрылды


Мандатынан ажыраган депутаттардын таламын талашып чыккандар.
Мандатынан ажыраган депутаттардын таламын талашып чыккандар.

Бул тууралуу анын өкүлү Эрик Ирискулбеков дүйшөмбү күнү билдирди. Урмат Ишенбековду мандатынан ажыратуу жөнүндөгү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин Биринчи Май райондук соту 8-февралда күчүндө калтырды. Ирискулбеков ал чечимдерди жокко чыгаруу үчүн “Эмгек” кодексинин негизинде Жогорку Сотко кайрылышканын билдирди:

-Эмгек кодексинде, жумуш берген адам кызматтан бошотуу тууралуу чечим кабыл алганга чейин кызматкер өзүнүн арызын кайра чакырып ала алат, деп жазылып турат. Ишенбеков болсо арызын чакыртып алган. Экинчиден, БШК 30 күндүн ичинде чечим кабыл алыш керек эле. Аны өткөрүп жиберишти.

“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Урмат Ишенбеков мурда жазылган арызынын негизинде БШК тарабынан депутаттык мандатынан 3-февралда ажыратылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG