Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Жаңы мэр шайлангыча Кулматов кызматта отурат


Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Бишкек шаарына жаңы мэр шайланмайынча Кубанычбек Кулматов калаа башчынын милдетин аткарууну улантат. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алманбетова “Азаттыкка” билдирип, он күн аралыгында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнүн аныкташы керектигин айтты:

-Кулматовдун кызматтан кетүү арызына кол коюлду. Эми премьер-министрдин буйругун күтүп жатабыз. Борбордук шайлоо комиссиясы он күн аралыгында жаңы мэрди шайлоо күнүн аныкташы керек. Ага чейин Кулматов шаар жетекчисинин милдетин аткара берет.

Кубанычбек Кулматов кызматтан кетүүгө бүгүн арыз жазды. Ал 2014-жылдын башында мэрлик кызматка келген. (SE)

XS
SM
MD
LG