Ысык-Көл облусунун Түп районундагы төрөткана кызматкерлерине каршы бүгүн митинг болду. Төрөткананын алдында уюштурулган нааразылык акциясына үч ай мурун ооруканада каза тапкан ымыркайдын 20га жакын туугандары чыкты.
Өткөн жылдын 24-ноябрында Түп райондук төрөтканасында жарык дүйнөгө келген ымыркай ден-соолугуна байланыштуу Каракол шаардык балдар ооруканасына которулган. Ал жакта бала чарчап калган. Наристенин туугандары буга төрөтканадагылардын шалаакылыгы себеп экенин белгилешүүдө.
Алар бүгүн башкы дарыгер менен жолугуп, дооматтарын айтып тарап кетишти. Төрөткана жетекчилиги ишти сот чечерин билдирди. (AsM)