Москва Орусиянын Сириядагы аба соккулары жай тургундардын өлүмүнө алып келүүдө деген кинеге "ишеничтүү далилдер" жок экендигин билдирди.
Мындай түшүндүрмөнү бүгүн Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жасады. Алдыңкы күнү Германиянын канцлери Ангела Меркел орус авиациясынын бомбалоолорунан карапайым элдин азап чегүүлөрү "үрөй учурарын" айткан.
Песков ошондой эле түрк президенти Режеп Таип Эрдогандын Орусия Сирияны басып алууга аралашкан деген айыптоосун “акылга сыйбас калп” катары сыпаттады.
Өз кезегинде Москва Анкарага кошуна Сирияны каратып алууга камданууда деп доомат артты.
Былтыр ноябрда түрк аскерлери Сирия менен чек ара аймагында орусиялык аскер учагын атып түшүргөндөн кийин Түркия менен Орусиянын мамилелери кескин начарлап кеткен.