Бул тууралуу экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция тартуу боюнча агенттиктин башчысы Алмаз Сазбаков 9-февралда билдирди. Анын айтуусунда, конкурсту өткөрүүнүн шарттары иштелип чыкты. Ал премьер-министр тарабынан жакынкы күндөрү бекитилип, андан кийин конкурс жарыяланат. Конкурстун негизги шарты боюнча 431 млн. тонна көмүрү бар Кара-Кече кени концессияга берилип, инвестор Кара-Кече Жылуулук борборун жана Балыкчы-Кара-Кече темир жолун куруу милдетин алыш керек.
Инвесторлорго коюла турган негизги талаптардын бири экологиялык коопсуздукту камсыздоо деди Сазбаков:
-Бул жерде эң чоң баллдар экологияга берилет. Финансылык сунуш менен экологиялык сунуштун баллдары бирдей. Биз потенциалдуу инвесторлорго мына ушундай талап коюп жатабыз.
Балыкчы-Кара-Кече темир жолунун узундугу 183 чакырым келип, ага 970 млн. доллар каражат керектигин Сазбаков кошумчалады. (AiT)