Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

АКШ Ооганстандын кооптуу провинциясын бекемдөөгө киришти


Талиптер басып алууну көздөп жаткан Гилменд провинциясына АКШ жүздөгөн кошумча аскер жөнөттү. АКШ аскерлеринин маалымат катчысы Майкл Лаухорн жаңы күчтөр коопсуздукту камсыздоодо ооган аскерлерине жардам берерин 9-февралда билдирди. Анын айтуусунда, АКШ аскерлери ооган күчтөрүн машыктыруу, жаңы куралдар менен жабдуу жагынан жардам берип, бирок аскерий операцияларга катышпайт.

Ооган күчтөрү Гилменд провинциясында талиптерди катуу чабуулуна туш болууда. Бул региондогу бир катар райондор талиптердин колуна өткөнү же өтүү коркунучунда турганы кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG