Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:26

АКШнын Чалгын кызматынын жетекчиси жаңы мезгилдеги көйгөйлөрдү атады


Чехиядагы "Ислам мамлекети" террористтик уюмга, массалык миграцияга каршы нааразылык.

Алардын ичинен эң башкысы катары "Ислам мамлекети" деп аталган террорчу топ жана Орусиянын “дымактуу” тышкы саясаты белгиленди. Кошмо Штаттардын Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчиси Жеймс Клэппер олуттуу көйгөйлөрдүн катарына киберчабуул, жергиликтүү террорчулар, "Ислам мамлекети" террорчу тобунун экстремисттери жана Түндүк Кореянын ракеталык жана ядролук куралын кошту.

Президент Барак Обама АКШнын киберчөйрөсүн чабуулдан коргоо жана бекемдөө үчүн 2017-жылдын бюджетинде 19 млрд. доллар карап жатат. Бул быйылкы жылга караганда 35% га көп. Клэппер антитеррордук чараларга карабай Аль-Каида террорчул уюму Ооганстан жана Пакистанда коркунуч туудурган бойдон калып жатканын белгиледи. (AiT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG