Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Футзал: Бүгүн Азия чемпиондугунда Кыргызстан менен Ливан ойнойт


Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 10-февралда Ливан курамасы менен Азия чемпиондугунда беттешет. Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, оюн Ташкен шаарындагы "Узбекистан" спорт комплексинде Бишкек убактысы менен кечки саат беште башталат.

Мелдештин жүрүшүн Кыргызстандын аймагында КТРК-Спорт телеканалы түз алып көрсөтөт.

Азия чемпиондугунун оюндары 10-февралдан 21-февралга чейин уланат.

Кыргызстан "А" тайпасында Өзбекстан, Ливан жана Сауд Арабиянын командалары менен беттешет.

"В" тайпасында Иран, Ирак, Кытай, Иордания, "С" тайпасында Таиланд, Вьетнам, Кытай Тайбэйи, Тажикстан, "D" тайпасында Жапония, Австралия, Малайзия, Катар командалары ойношот.

Тайпалык мелдештерде экинчи орунду алгандар чейрек финалда таймашат.

Кыргызстан – Өзбекстан беттеши 12-февралда, Кыргызстан - Сауд Арабия беттеши 14-февралда болот. Аталган оюндар саат 19:45те башталат. (Ech)

XS
SM
MD
LG