11-февралда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8,
Талас жергесинде түнкүсүн -12...-17, күндүз -5...-10,
Баткен облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...-7,
Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...-7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз -12...-17 градус суук болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -10…-12, күндүз -3…-5 градус суук болот.