Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Мосул суу тосмосу урап түшүшү мүмкүн


"Ислам мамлекети" террорчулары Мосул суу сактагычынын жанында.
"Ислам мамлекети" террорчулары Мосул суу сактагычынын жанында.

Ирактагы Мосул тосмо урап түшсө, ташкын суу миллиондогон киши жашаган аймакты капташы мүмкүн. АКШнын изилдөөчүлөрү даярдаган баяндама кечээ Ирак парламентинде жарыя кылынды. Суу тосмо борпоң жерге курулган, пайдубалы начар. Жер кыртышы суунун басымынан улам оюлуп, курулуш коркунучтуу абалга кептелип турат. 2014-жылы “Ислам мамлекети” радикал уюму тосмону кыска мөөнөткө басып алгандан кийин ал жердеги кырдаал кыйла кооптуу болуп калды.

Америкалык аскерлердин инженердик бөлүгү жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, “Мосул суу тосмосунун урап калуу тобокелдиги мурда ойлгондон жана мындан бир жыл мурункуга караганда алда канча жогору”.

Тосмо 1984-жылы курулган. Ошондон бери жергиликтүү адистер оор конструкциянын алдындагы оюлуп калган жерлерге цемент куюп бекемдеп турчу. Учурда жихадчылар дамбанын айланасындагы райондорду контролдоп тургандыктан, ал иштерди жүргүзүү кыйынга турууда. Суу тосмо урап түшсө ири көл 700 миң калкы бар Мосул шаарын каптап кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG