Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Акыйкатчынын орун басары Кожошев кызматтан бошотулду


Жогорку Кеңеш депутаттары бүгүнкү жыйынында Кыргызстан акыйкатчысынын орун басары Мухтар Кожошевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу токтом кабыл алды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин төрайымы Галина Скрипкина мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев парламентте өз баяндамасын коргой албаганынан улам ушундай чечим кабыл алынганын билдирди.

Мухтар Кожошев депутаттардын токтому мыйзамдуу экенин “Азаттыкка” айтты:

- Мыйзам боюнча эгер акыйкатчынын баяндамасы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынбаса, бир жылдан ашуун иштеген орунбасары иштен кетиши керек. Мындан менин кабарым бар.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин аткарган иши тууралуу баяндамасын былтыр парламент кабыл алган эмес. Буга байланыштуу ал кызматтан кетип, ордуна эл өкүлдөрү Кубат Оторбаевди шайлашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG