Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Лагард: Киев фонддун жардамынан кол жууп калышы мүмкүн


Эл аралык валюта фондунун жетекчиси Кристин Лагард Украина убада кылган реформаларды аткарып, коррупцияны жоюу аракетин көрбөсө, финансылык институттун колдоосунан ажырап калышы мүмкүн деп эскертти.

"Башкаруудагы реформаларды жүргүзүү жана паракорлукка каршы туруктуу аракеттер көрүлбөсө, Эл аралык валюта фонду колдогон программалардын улантылышын жана ийгликтүү болушун элестетүү кыйын", - деп айтылат Лагарддын 10-февралдагы билдирүүсүндө.

Бир нече күн мурун Украинанын финансы министри Наталия Яреско экономика министринин кызматтан кетиши менен кризиске кептелген өкмөттүн тагдыры чечилмейинче, фонд каражатты бербей турууну чечкенин айткан.

Эл аралык финансылык институт өлкөгө жардам катары 17,5 миллиард долларлык кредит бөлгөн. Бирок Киев өкмөтү реформаларды жүргүзүп, коррупцияны жоюу аракетин көрөт деген шарт койгон.

XS
SM
MD
LG