Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Москвада өрттөн каза болгондордун сөөгү алынып келинди


Цехтеги өрт 30-январда чыккан.
Цехтеги өрт 30-январда чыккан.

Москвада өрттөн каза болгон алты кыргызстандыктын сөөгү бүгүн таңга маал "Сибирь" авиакомпаниясынын 967-авиакаттамы менен Ош шаарына алып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады. Маркумдардын жасатын кичи мекени Баткенге жеткирүү үчүн КамАЗ жана Нива үлгүсүндөгү унаа бөлүнүп берилген. Тилсиз жоодо кайтыш болгон дагы эки жарандын сөөгү Кыргызстанга бүгүн кечинде алынып келинет.

30-январда Москвадагы тигүү цехтердин биринде өрт чыгып 12 адам каза болгон. Алардын сегизи кыргызстандыктар, экөө орус жарандыгын алган этникалык кыргыздар. Дагы экөө өзбек жарандары.

Москванын тергөө комитети өрт боюнча мүлктү атайлап жок кылуу деген негизде кылмыш иш ачкан. (КE)

XS
SM
MD
LG