Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

УКМК: мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды


Кыргыз улуттук агрардык университетине караштуу пахтачылык боюнча Кыргыз тажрыйба станциясынын жооптуу кызматкерлери мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз саткан жана менчиктештирген деп шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, станциянын жооптуу кызматкерлери 2010-2015-жылдары жобону жана мыйзамдарды бузуу менен ишканага таандык бир гектарга жакын жерди, имараттарды жана курулуштарды сатып жиберген. Мүлктөрдү саткандан кийин тажрыйба станциянын бухгалтериясына болгону 870 миң сомго жакын каражат түшкөн. Бул факт боюнча УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG