Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

HRW: Украина чыгышындагы жаңжалда жүздөгөн мектептер кыйрады


Донецктин жанындагы талкаланган мектеп. 26-октябрь, 2015-жыл
Донецктин жанындагы талкаланган мектеп. 26-октябрь, 2015-жыл

Украина чыгышындагы согуш учурунда көптөгөн мектептерди эки тарап тең согуштук максатта колдонуп, жүздөгөн билим уясы кыйроого учураган.

Бул тууралуу Хьюман Райтс Вотч уюмунун 11-февралдагы “От алдындагы окуу: Украинанын чыгышындагы куралдуу чатак учурунда мектептерге чабуул жана мектептерди аскердик максатка колдонуу” аттуу билдирүүсүндө айтылат.

Ошондой эле орто мектептер катаал жана окуучуларга чектен тыш толгон шартта иштеди, алтургай кээ бир балдар таптакыр билим алууну токтотконго аргасыз болушкан деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары баяндамада жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардан 2015-жылдын июнунда атылган артиллериялык сокку бир нече ирет Красногоровка шаарындагы №3-мектепке тийгени белгиленет.

“Бул абдан кубаттуу артиллериялык чабуу болчу. Алар бир нече жолу мектепти аткылашкан. Ал эми 700 метр ары жактагы аскердик блокпостко тийген эмес. Демек, алар атайын эле мектепти бутага алышкан” дейт баяндамачылардын бири Юлия Горбунова.

Ошондой эле украин тараптын аскерлери да мектеп эмеректерин талкалап, өрттөгөн жагдайлар болгону белгиленет.

Баяндамачылар окуу жайларга ок атууга согуш жүргүзүү мыйзамы тыюу саларын жана андай аракеттер аскердик кылмыш саналарын эскертишет. Мындан тышкары алар Орусия колдогон жикчилдер тобун да, Украина бийлигин да балдардын коопсуздугун коргоого, алардын билим алуусуна кепилдик берүүгө жана мектептерди аскердик максатта колдонбоого чакырышат.

XS
SM
MD
LG