Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:46

Самаковдун соту 17-февралда уланат


Карганбек Самаков
Карганбек Самаков

11-февралда Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго байланыштуу ишти карап, анда күбөлөр суралды. "Ага Хан" фондуна караштуу "Билим берүү сапаты" корунун директору Гүлнара Алишева көрсөтмө берип, 2012-жылы Байтик айыл өкмөтүнөн төрт жеке тараптан 85 гектарга жакын жер сатып алышканын билдирди. Сатып алынган жерге академия шаарчасын куруу пландалган.

- Аны иштетүүдө айылдын айрым социалдык маселелери чечилип, инфраструктурасы оңолмок. Жаңы жумуш орундары түзүлмөк. Бул долбоорго 50 млн доллардын тегерегинде каражат жумшоо пландалып жаткан. Өкмөт Аламүдүн районундагы жерди трансформациялоо токтомун жокко чыгаргандан кийин бул долбоор токтоп калат деген коркунуч бар.

Алишева "Ага Хан" фонду премьер-министр Темир Сариев кол койгон токтомго байланыштуу өкмөт менен соттошуп жатканын кошумчалады.

Самаковго жана бир катар кызмат адамдарына Чүй облусундагы 262 гектар айыл чарба жерин менчиктеп, турак жай тилкесине айландырып жиберген деген кине менен 2015-жылдын май айында кылмыш иши козголгон. Алардын катарында учурдагы депутат, «Бир бол» фракциясынын мүчөсү Игорь Чудинов, ошол кездеги 1-вице-премьер-министр болуп турган Искендербек Айдаралиев да бар.

Өкмөт былтыр 3-сентябрда 2008-жылдагы айыл чарба жерин трансформациялоо боюнча токтомун жокко чыгарган.

Экс-депутат болсо коюлган дооматтарды четке кагып, жер тилкелерин мыйзам чегинде сатып алганын айтып келет. (КЕ/АKu)

XS
SM
MD
LG