Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Орусия Ходорковскийге Интерпол аркылуу издөө салды


Михаил Ходорковский
Михаил Ходорковский

Интерполдун Орусиядагы бюросу Михаил Ходорковскийди Нефтеюгансктын мэри Владимир Петуховдун өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен эл аралык издөөгө алды. Чечим Интерполдун Лиондогу борбордук бюросуна жеткирилди. Бул тууралуу өз булагына таянып "Интерфакс" кабарлады.

Ал эми Ходорковскийдин пресс-катчысы Кюлле Писпанен бул маалыматты бышыктай албасын “Новости” маалымат агенттигине билдирди. Ал эми Орусиянын тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин Ходорковский өткөн жылдын декабрынын этегинде эле издөөгө алынганын тактады. Ошентсе да азырынча Интерполдун сайтындагы издөөгө алынгандардын арасында ал тууралуу маалымат жок.

Өткөн жылдын 11-декабрында Михаил Ходорковскийге 1998-жылы Нефтеюгансктын мэрин өлтүрүүнү уюштурган деген айып тагылган. Ходорковский бардык айыптарды четке кагып, тергөөгө келбесин билдирген болчу.

ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский экономикалык кылмыштар боюнча айыпталып, 2013-жылы президент Путин ырайым кылганга чейин - он жыл абакта отурган. Абактан чыгары менен чет өлкөгө кетип, учурда Орусиядан сыртта жашайт жана “Ачык Орусия” коомдук кыймылын жетектейт.

XS
SM
MD
LG