Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:28

Гатилов: Орусия Сириядагы атышууну токтотууну талкуулоого даяр


Сириянын Алеппо шаары. 10-февраль, 2016-жыл
Сириянын Алеппо шаары. 10-февраль, 2016-жыл

Орусия Сириядагы ок атышууну токтотуу режимин 1-мартка чейин кое турууну сунуштады. Reuters агенттигинин АКШ бийлигиндеги булагына таянып кабарлашынча, орус тараптын шаршембиде келген сунушуна АКШ макул болгон эмес.

Агенттиктин билдиришинче, Вашингтон тез арада жарашуу керек деген позицияда турууда. Эгер андай болсо орус авиациясынын колдоосу менен жүрүп жаткан президент Башар Асаддын Алепподогу оппозицияга чабуулу токтомок.

Орусия тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатиловдун шейшембиде билдиргенине караганда, Москва Сириядагы ок атышууну токтотууну Мүнхенде өтчү жыйында талкуулоого даяр.

Кремл АКШ менен Сириядагы “элдешүү мүмкүнчүлүгү” тууралуу сүйлөшкүсү келип жатканын Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин да бейшембиде айтып чыкты.

Мурунку күнү эле Франция, Улуу Британия жана алардын БУУдагы тилектештери Орусияны Алеппого абадан сокку урууну токтотууга чакырышкан эле. АКШ болсо Асаддын каршылаштарына карата Орусиянын чабуулдары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун позициясын бекемдеп жатканын эскерткен.

Эл аралык укук коргоо уюмдары болсо Орусияны Сириядагы мечиттерди, базарларды, ооруканаларды жана мектептерди жок кылганы үчүн жана кассеталык бомбаларды колдонгону үчүн аскердик кылмышка айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG