Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Казакстан: БШК дагы бир партияны шайлоого талапкер катары каттады


Жалпы улуттук социал-демократтар партиясынын лидери Жармахан Туякбай
Жалпы улуттук социал-демократтар партиясынын лидери Жармахан Туякбай

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-февралда өздөрүн оппозициячыл күч деп санаган Жалпы улуттук социал-демократтар партиясын мажилиске талапкерлер катары каттады.

Парттизмеде лидери Жармахан Туякбай баштаган 23 талапкер бар. Мындан тышкары, бийликчил делген партиялар “Ак Жол”, “Ауыл”, Казакстандын Коммунисттик элдик партиясынын жана президенттик “Нур Отандын” тизмеси каттоодон өткөн.

Казак мажилисине мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоо 20-мартка белгиленген. Талапкерлерди каттоо 19-февралда аяктайт. Үгүт иштерине 20-февралдан 18-мартка чейин уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG