Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Орусияда оппозициялык саясатчы президент Путинди сотко берди


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиядагы оппозициялык лидерлердин бири Алексей Навальный Владимир Путин “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамды бузду деп, сотко кайрылганын маалымдады. Анын айтуусунда, 2015-жылы Владимир Путин нефтехимиялык “Сибур” холдингине 1 млрд. 750 млн. доллар бөлгөн. Алексей Навальныйдын ырасташынча, бул компаниянын акционерлеринин бири Кирилл Шамалов.

ми Владимир Путинге өтөбүз. Анын Катерина Тихонова деген кызы бар экени маалым. Катерина Тихонованын Кирилл Шамалов аттуу күйөөсү бар. Кирилл Шамалов Владимир Путиндин күйөө баласы. Кирилл Шамаловго “Сибур” компаниясынын ири бөлүгү таандык,- дейт Навальный.

Навальный Владимир Путин күйөө баалсы Шамаловго таандык “Сибур” компаниясына каражат бөлүп кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгөрүүчү мыйзамды бузган деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG