Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Казакстанда оппозициялык партиянын талапкерлери каттоого алынды


Казакстан Мажилиси.
Казакстан Мажилиси.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициялык Улуттук социал-демократиялык партиянын талапкерлерин 11-февралда каттоого алды. 20-мартта мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоодо социал-демократтар Нурсултан Назарбаевдин "Нур Отан" жана анын жандоочу партиялары менен атаандашат.

1989-жылдан бери Казакстанды башкарып келаткан Нурсултан Назарбаев казак парламенти Мажилистин мөөнөтүнөн мурда тароо чечимин колдогон.

Ушул кезге чейин Казакстанда бир да жолу адилет жана чынчыл шайлоо боло электигин Батыш байкоочулары белгилеп келет. Бул ирет да Назарбаевдин "Нур Отан" партиясы алдыда болоруна күмөн санагандар аз. "Нур Отан" партиясынын тизмесинде Назарбаевдин улуу кызы өкмөт башчынын орун басары Дарига Назарбаева, ырчы жана спортчулар бар. (AiT)

XS
SM
MD
LG