Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Сирияда тынчтык орнотуу чарасы табылбаса, АКШ жана араб өлкөлөрүнүн күчтөрү Сирияга киргизиле турган болсо, анда ал узак урушка же дүйнөлүк согушка айланышы мүмкүн экенин билдирди. Дмитрий Медведев Германиянын "Ханделсблатт" гезитине 11-февралда Мүнхенде берген маегинде Сирия маселесин чечүүдө АКШ жана Орусия өздөрүнүн таасирин бардык тараптарга колдонуш керектигин белгиледи.
Буга чейин маалымдалгандай, Сауд Арабиясы АКШ баштаган коалиция менен жөө аскерлерин Сирияга киргизе турган болсо, анда ал Ооганстандагыдай “тынымсыз согушка” алып келерин Медведев эскертти. Сирия жаңжалына тереңдеп аралашуудан мурда бардык тараптар бекем ойлонуп, дүйнөлүк согуштун чыгып кетпеши үчүн сүйлөшүүгө келиши керек, деп билдирди Медведев. (AiT)