Премьер-министр Темир Сариев Ош облусунун Алай районундагы балдар бакчасынын ачылыш аземине жука кийинген балдардын тышта туруп катышкандыгына байланыштуу фактыны текшерүүнү тапшырды.
- Мен мамлекеттик маанидеги жана балдардын майрамдарынан тышкаркы учурда, жаш балдарды кандайдыр-бир иш-чараларга тартуу тажрыйбасын токтотуу тууралуу бир нече ирет билдиргем. Мындан тышкары, Билим берүү жана илим министрлиги тараптан балдарды жана мектеп окуучуларын расмий иш-чараларга пайдаланууга тыюу салуучу буйрук чыгарылган, - деп билдирди премьер-министр.
Өкмөт башчы вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиевага кыш чилдеде балдарды тышта тургузууга мажбурлаган аткаминерлерге карата тийиштүү чараларды көрүү жана мындан ары мындай окуяларды болтурбоо тапшырмасын берди.
11-февралда Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында балдар бакчасын ачуу аземи өткөн. Анда кышкы суукта жеткинчектер жука, ал эми аткаминерлер жылуу кийимчен турушкан. Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы Абдувап Исмаилов балдарды ырдатып-бийлетүү демилгесин ата-энелер өздөрү көтөргөнүн “Азаттыкка” билдирди.
Кыргызстанда мамлекеттик иш-чараларга мектеп окуучуларын тартууга тыюу салынган, буга чейин ысыкта көпкө турган өспүрүмдүн өзүн жоготуп жыгылган учуру катталган. (КЕ/YI)