Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Атамбаев Кулматовду мактады


Алмазбек Атамбаев мурдагы шаар мэри Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. 12-фераль, 2016-жыл
Алмазбек Атамбаев мурдагы шаар мэри Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. 12-фераль, 2016-жыл

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. “Коом арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо мэрияга болгон ишеним арта баштаганын ачык көрсөтүүдө”, - деген мамлекет башчы Кулматовду таза, абийирдүү иштеп бердиңиз деп мактады. Президент Бишкек жашоого ыңгайлуу жана коопсуз шаар болушун каалаган тургундарга активдүү түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Мындан ары да ийгиликтерди каалап, ал баштаган реформалар уланарына ишенерин айтты.

2014-жылдын башында мэрлик кызматка келген Кубанычбек Кулматов кызматтан кетүүгө 9-февралда арыз жазган. Ал 11-февралда маалымат жыйын өткөрүп, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Кыргызстандан убактылуу кете турганын, азырынча башка кызматка баруу планында жок экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG