Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы Кыргызстанда жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорду жактырды.
Фракция мүчөсү, депутат Аида Салянова Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирүүнү демилгелеген. Анда каттоосу тууралуу күбөлүгү жок түгөйлөрдүн никесин кыйган молдолорду беш жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жоболор каралган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, турмуш курган кыздардын 15% 18 жашка чейин нике турган. Анын ичинен бир пайызы 15 жашка чейинки куракта турмушка чыккандар. Евразия чөлкөмүндө турган 35 мамлекеттин арасында 15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргызстан 5-орунда турат.
Кыргызстанда буга чейин да ушуга окшош мазмундагы мыйзам долбоор даярдалган. Анда расмий каттоого турбай нике кыйдыргандарга административдик жаза колдонуу каралган болчу. Бирок долбоорду өткөн чакырылыштагы депутаттар колдобой коюшкан. (КЕ)