Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:42

Бишкек мэрин шайлоо 27-февралга белгиленди

Бишкектин мурдагы шаар башчысы ишембиликте.
Бишкектин мурдагы шаар башчысы ишембиликте.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 27-февралга белгиленди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди. Мыйзам боюнча мэрди Бишкек шаардык кеңештин депутаттары шайлайт.

Мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов кызматтан кетүүгө 9-февралда арыз жазган. Ал өзүнүн кызматтан кетүүсүн үй-бүлөлүк шарттарга байланыштырган. Учурда анын милдетин вице-мэр Айгүл Рыскулова аткарууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG