Баткен облусунун ичинде жайгашкан өзбек эксклавы - Сох районунун 12 тургунуна "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен байланышта болгон деген айып тагылды. Фергана облусуна караган Сохтун Тул, Калач жана Газно айылдарынын Орусияда иштеп келген 12 тургуну өткөн аптада кармалган. Облустук милиция алардын кармалышы боюнча түшүндүрмө бере элек.
"Азаттыктын" өзбек кызматынын жергиликтүү укук коргоочуларга таянып кабарлашынча, кармалгандар сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алган. Тергөө маалыматтарына караганда, алар Орусияда иштеп жүргөндө радикалдык топтун тузагына илинип, дааватчылык боюнча даярдыктан өткөн. Бир жыл мурда кичи мекенине келген соң айылдаштарын азгыра баштаган.
Соңку кезде Өзбекстан Орусиядан кайткан эмгек мигранттарын тескөөнү күчөттү. Өлкөдөгү укук коргоочулар маалымдагандай, Ташкен облусунда эле "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна катышы бар деген шек менен Орусиядан кайткан 200дөн ашуун эмгек мигранты кармалган. Өткөн жылдын соңку айында Фергана облусунда 18-30 жаш ортосундагы бир канча адам экстремизм айыбы менен соттолгон.