Жогорку Сот бүгүн мандатынан ажыратылган Урмат Ишенбековдун арызын карап, Борбордук шайлоо комиссиясы менен Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. 11-февралда Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Урмат Ишенбековдун жүйөлөрүн угуп, чечим чыгарууну бүгүнкүгө калтырган болчу.
БШК “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жөнөткөн документтердин негизинде Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктарын 3-февралда мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Ишенбеков БШК чечимин жокко чыгарууну сурап сотко кайрылган болчу. Райондук сот Борбордук шайлоо комиссиясынын Ишенбековду мандатынан ажыратуу жөнүндөгү чечимин 8-февралда күчүндө калтырган. (КЕ)